17.09.2018 15:36
Алмазбек Атамбаевге «Ак Шумкар» өзгөчө белгиси Тарых музейинин ачылышында тапшырылат
© КР Президентинин маалымат кызматы
Экс-президент Алмазбек Атамбаевге «Кыргыз Республикасынын Баатыры» наамын алгандарга берилчү «Ак Шумкар» өзгөчө белгиси Тарых музейинин ачылышында тапшырылат. Бул тууралуу April.kg порталына КСДПнын өкүлү Кундуз Жолдубаева билдирди.
Маалыматка караганда, «Ак Шумкарды» музейдин ачылышында тапшыруу жаз мезгилинде эле такталган.
«Жазда экс-президентке «Ак Шумкар» өзгөчө белгисин Тарых музейинин ачылышында тапшыруу боюнча сүйлөшүлгөн. Бирок ал качан ачылары анык эмес. Буюрса, Алмазбек Атамбаев сыйлыкты алуу иш-чарасына катышат», - деди Жолдубаева.
Башкы жаңылык
Алмазбек Атамбаев кайрылуу жасап, кыргызстандыктарды КР эгемдүүлүгүнүн 30 жылдыгы менен куттуктады
Популярдуу
Маанилүү
Дш ШшШр Бш Жм Иш Жш
Выбранная дата: